Сочиде эс алуучулар панда деп сүрөткө түшкөн жаныбар чау-чау күчүгү болуп чыкты

Орусиянын Сочи шаарында эс алуучуларга панда деп сүрөткө түшүүгө сунуштаган жаныбар чау-чау күчүгү болуп чыкты. Бул тууралуу кечээ, 5-июлда аталган өлкөнүн маалымат кызматтары жарыялады.

"Сочинин жаратылышты коргоо прокуратурасы окуяны териштирип, сүрөтчүлөр атайылап элдерди өзүнө тартуу үчүн күчүктү боёп пандага окшоштуруп койгонун аныктаган. Аларды текшерүү маалында шаардын көзөмөл органынын кызматкерлери күчүк менен кошо маймыл жана эшекти да кызмат көрсөтүүгө пайдаланышарын тактаган. Учурда прокурорлор сүрөтчүлөрдү айбанаттарга катаал мамиле жасаган-жасабаганын иликтеп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан бир нече күн мурун сочилик сүрөтчүлөр панданын баласын күндүн ысыгына карабай, аптапта кардарларына карматып сүрөткө түшүү үчүн алып жүргөнүн окурмандар интернетке жарыялаган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
sladkaja_konfetka
2017-07-06 08:15:00
Шумдук)))
0
madina.87
2017-07-06 08:42:45
Булар айбанаттарга катаал мамиле кылдыбы?деп текшерип жатышат.
А бизде айбанаттарга эмес адамдар бирин -бири олтуруп жатса да иши жок.
+11
Nurmatova.
2017-07-06 08:50:22
озу мынча ширин кучук))) бамбак иий.
+3
Jangazy
2017-07-06 08:52:17
ушуну панда деп тушкондор. панда кандай экенин билбейт экен
+1
daak9191
2017-07-06 08:57:38
Сенделе билбейт болчусун ооо панда менен суротко туштум деп айтмаксын
0
Krai
2017-07-06 09:04:30
Чындыгында окшош экен мен деле ойломокмун панда экен деп..
-1
meni_kut
2017-07-06 09:07:24
панда аюуга окшош ,бул тумшугу итке окшоп эле турбайбы
+2
Jibek94
2017-07-06 09:08:37
Аллахтын керемети, опокшош экен чын эле!
0
lsfayram22
2017-07-06 09:41:14
Пандада куйругу кыска болчу эле.Элдер ошону да байкаган эмес өңдөнөт.Чындыгында бир караган адамга сезилбейт окшойт.
+1
KyrgyzKagan
2017-07-06 09:41:37
Мейли устун окшотушту дейли эптеп. А куйругун эмне кылышты экен кучуктун? Кесип ташташканбы? Пандада куйрук жокда. Мындайча айтканда эшекти боёп,зебра дегендей эле экенда. Калганын атамдар оздору талдап алат.
+1
kamchatka
2017-07-06 10:06:39
ха ха ха Хачиктердин кылбаганы жок!
0
Arlenchik
2017-07-06 16:58:05
Ой шумдук ойлоп тапкандарын кара, кучукту мындай кылып озгортуу учун канчалык денгээлде аларга зыян келтирип кыйнашты экен, бирок бул кылгандары туура эмес жаныбарларга да аяр мамиле кылуу керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан