Бекзат Токтобеков Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү. Жалпы республикалык тесттен 220 балл топтоп президенттин колунан "алтын сертификат", Ардак грамота, планшет жана 10 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка ээ болду. "Алтын сертификат" Бекзатка өлкөдөгү каалаган жогорку окуу жайдан билим алууга мүмкүнчүлүк берет.
Бекзат эң жогорку баллды жалаң гана лицей-гимназиялардын бүтүрүүчүлөрү алат деген түшүнүктү жоюп, каалоо болсо орто мектептин окуучулары да мындай көрсөткүчкө жетсе боло турганын айтат.
"Айырмасы жок, орто мектеппи, гимназиябы же атайын багыттагы мектеппи эң негизгиси каалоо, максат болуш керек. Анан, албетте, мугалими менен ата-энесинин колдоосу болсо ЖРТдан ийгиликтүү балл алса болот. Тестти белгилөөдө кыйналган жокмун, эч качан бир жумушту оңой деп ойлобош керек, анткени бул сезимдер адамды алдап коюшу мүмкүн. Мен үчүн тест оңой деп айта албайм, бирок биз мектептен окуган эле суроолор болду", - дейт бүтүрүүчү.
Ал "алтын сертификат" алам деген максатты коюп, бирок бул ою жөнүндө эч кимге айткан эмес. Тек гана болгон убактысын окууга арнап, даярданган.
"Көп даярдандым, 200дөн жогору балл топтойм деп ишенгем. Бирок 220га жеткенимди укканда күтүүсүз жерден абдан сүйүндүм. Анткени мен күткөндөн көп балл болду. Өзгөчө математика менен орус тили сабактарынан абдан даярдандым, ошолордун пайдасы тийди. Буюрса, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына окууга тапшырсам деп турам. Кичинекей чагымдан эле дарыгер болууну кыялданчумун, кыялымдын баштапкы этаптары орундалышына өзүмдүн аракетим менен жетишип жатам", - деп кошумчалады Бекзат.
Ал үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү. Атасы инженер-куруучу, апасы тарых сабагынан мектепте мугалим болуп эмгектенет. 2015-2016-окуу жылындагы мектептер аралык республикалык олимпиадада математика сабагы боюнча 3-орунга татыктуу болгон.