Испанияда бука менен жарышуу салтын жокко чыгаруу үчүн акция өткөрүлдү

Испанияда кечээ, 5-июлда Сан-Фермин фестивалы башталар алдында жүздөгөн жан-жаныбарларды коргоочулар менен активисттер акция уюштурушту. Алар фестивалдын алкагында өтүүчү бука менен жарышуу салтын жокко чыгаруу боюнча жүрүш жасашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, алар бука менен жарышуу жан-жаныбарларга болгон ырайымсыздык мамилени түшүндүрө турганын айтышып, салтты тез аранын ичинде жокко чыгаруу керек экенин билдиришкен. Бул үчүн сырткы кийимдерин чечишип, өздөрүнө кандын белгисин түшүндүргөн кызыл боёкту чачышкан.

Сан-Фермин фестивалы – 800 жылдан бери Испаниянын Памплона шаарында 6-14-июль күндөрү өтөт. Фестиваль энсьерро салты менен белгилүү. Анда 12 каардуу букалар менен адамдар жарышып, жыл сайын аягы бир канча адамдардын курмандыктары менен жыйынтыкталат. Ошондой эле фестиваль учурунда аталган шаарга 1 миллиондон 3 миллионго чейин туристтер келери айтылат.

Испаниялыктар бука менен жарышуу салтын жокко чыгаруу үчүн акция өткөрүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
izdeim.seni
2017-07-07 03:45:29
Ушудан коро кок бору тартсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан