Жалгыз бой аял, 3 эмдин энеси Кара-Суу райондук мамкаттоо кызматкеринен сатып алган жерине 8 жылдан бери документ ала албай жатат

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Эркин айылынын тургуну Кызжибек Марипова 8 жылдан бери сатып алган жер тилкесин документтештире албай жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда SUPER.KG порталына Марипова өзү айтып берди.

"2009-жылы Эркин айылынан 12 сотых жерди Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкеринен мамлекеттин жерин сатып алгам. Ошол учурда эч кандай документ берген эмес. "Жасап берем, аракет кылам. Ар кайсы жерге арызданбай күтө турсаң болот го. Жалгыз эле сен эмессиң да документ ала албай жаткан", - деп мени алдап жүрөт. Райондун аймагында шарты жок батирлердин биринде жашап жүрдүм. Кийинчерээк жашоом оор болуп кетти. Анан апамдын үйүнө көчүп бардым. Бир үйдө 3 үй-бүлө болуп 7 адам жашайбыз", - деп билдирди Марипова.

Кызжибек Марипова 38 жашта. Жолдошу менен ажырашканына 7 жыл болду. 3 эм балдары 7 жашка толду. Мектепке кабыл алына турган 3 баласына окуу куралдарын, кийим сатып алып берүүгө каражаты жок экенин айтат. Анткени балдырынын саламаттыгы начарлап аларды дарылатуу көйгөйү да жаралган.

"Үч баламдын тең көрүүсү начарлап бара жатат. Жакында балдарымдын бирине операция жасатабыз. Дарыгерлер операцияны акысыз жасоонун жолдорун карап жатышат. Дагы 2 уулум сарык оорусуна кабылып, аларды дарылатуу зарылдыгы келип чыкты", - дейт ал.

Марипова буга чейин райондун акимине 2 ирет жардам сурап барганын, бирок эч кандай жооп ала албаганын да кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан