Атактуу америкалык рэпер, актёр, жеке ишкер 50 Cent 42 жашка толду. Ал 1975-жылы 6-июлда АКШнын Нью-Йорк шаарында туулган. Ырчынын толук аты-жөнү - Кёртис Жеймс Жексон. Лакап атын Бруклиндеги 50 Cent аттуу кримавторитеттин атынан коюп алган. Бала чагынан музыкага кызыгып, 11 жашынан баштап бокс менен машыга баштаган.
Кёртис Жеймс 12 жашында апасы аралашкан кылмыш дүйнөсүнө арбалып, курал-жарак, баңгизат алып сатуу анын күнүмдүк жумушуна айланган. Көп өтпөй үйүнөн баңгизаты табылып, соттолуп кеткен. Бирок белгисиз бир жол менен жарым жылдан кийин боштондукка чыгарылган. Абактан чыккандан кийин деле баягы ишин уланта берет. Ал чөйрөдөн кол үзүүсүнө уулу Маркустун төрөлүшү себеп болгон. Уулдуу болгон соң анын энеси Шаникуа Томпкинске үйлөнөт. “Мен көргөн балалыкты уулума каалабайм. Баламды эң керектүү болгон жакындарынан ажыраткым келбейт”, - деп кримчөйрөдөн кетүүгө аракет кыла баштайт. Ошондо шоу-бизнес дүйнөсүнө кызыгып, ушул жактан акча табууну көздөйт. 2013-жылы модель Дафна Жой ырчыга Сайр аттуу уул төрөп берген.
"Forbes" журналынын жыйынтыгы боюнча 2008-жылдын эң бай рэп ырчысы 50 Cent деп табылган. Өз мезгилинин атактуу жана эң көп акча тапкан бай ырчысы болуп саналган Jay-Z аттуу ырчыны басып өтүп, жылына 150 миллион доллар киреше тапкан деп аныкталган.
2016-жылы жазында рэпер 10 жаштагы Дэвиан аттуу уулу бар экенин билген. Бирок ырчы анын апасынын ким экендигин жашырган. 2015-жылы 50 Cent`тин 2 жаштагы уулу Сайр рекламалык роликке тартылып, 700 миң доллар акча тапкан.
6-июлга карата жылнаама.