«Ва банк» сериалы менен атагы таш жарган Соң Хе Кйо турмушка чыгат

Түштүк Кореянын белгилүү актрисасы Соң Хе Кйо ушул жылдын 31-октябрында аталган эле өлкөнүн актёру Соң Жуң Киге турмушка чыгат. Бул тууралуу маалыматты эки атактуунун өкүлдөрү кечээ, 5-июль күнү жалпыга маалымдоо каражаттарына тастыкташты. Актёрлордун агенттиктери биргелешип тараткан маалыматта минтип жазылат: “Никеге туруу оңой иш эмес, бул эки үй-бүлөнүн тең катышуусун талап кылат. Бул ар бир эле адамдын жашоосундагы эң таасирдүү жана маанилүү учур. Ошол үчүн үйлөнүү-үлпөт тою өтөрү тууралуу маалыматты эми гана берип жатабыз. Күйөрмандарынан бул жаңылыкка түшүнүү менен кароону өтүнөбүз”.

“Соң Хе Кйо менен Соң Жун Ки экөө кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшөт” деген сөздөр өткөн жылы чыккан “Күндүн мураскерлери” деген сериалдан кийин башталган.

Маалымат үчүн:
Соң Хе Кйо – түштүк корей сериалдарынын сүйүүчүлөрүнө “Ва банктагы” ролу менен таанылган. Андан тышкары “Жүрөгүмдөгү күз”, “Хотельер”, “Куттуу үй”, “Ушул кышта шамал согот” сериалдарын белгилөөгө болот. Ал эми Соң Жуң Ки “Жакшы жигит”, “Рождество күнү кар жаайбы?” жана башка сериал-тасмаларга тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
qazqaz12
2017-07-06 10:00:30
Мин си йон
0
bakulya2015
2017-07-06 10:12:47
Соонун кыз э. Бактылуу болсун!
+2
-Sumitra-
2017-07-06 10:14:15
Ва банктагы ким ина мн пара болчу)))Сонун актриса.Жигитин тааныбайт экенмин.
+1
010288
2017-07-06 11:12:02
-Sumitra-,потомки солнца деген сериалды корсон суйуп каласын сен да)))
+2
Muslim_KGstana.
2017-07-06 10:16:16
Суйом го сени))
+1
Alinokka
2017-07-06 10:24:39
Сон Чжун Кини суйом го))Красавчик.Эн сонун,кечээ эртен менен инстаграмдан коруп аябай суйундум!
0
Alinokka
2017-07-06 10:26:29
Суйом го Сон Чжун Кини))Красавчик. Кечээ инстаграмдан коруп абдан суйундум.Экоо сонун пара
0
kanzharskaya
2017-07-06 10:37:40
Бактылуу болушсун
0
Nazikbaigazy
2017-07-06 11:59:19
Мин суюн менен кимине
0
kychan.98
2017-07-06 15:58:24
Атана наалат мени ушинтип суйсонор кана
0
JaneEr
2017-07-06 22:47:47
Сулуу актриса
0
Aitun
2017-07-06 22:49:40
Блиин от души суйунуп атам молодцы. Соонун пара. Потомки солнцадан кийин экоо бирге болсо экен дейт элем
+1
karasuu
2017-07-07 01:22:53
Булар канча жашта тээги
0
Beka1986
2017-07-07 20:26:18
Менин суйгонум оххх Мин Су Ён
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан