Аксы районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран сууга агып кетти

Аксы районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран сууга агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"4-июль күнү саат 16:00 чамасында Жаңы-Жол айыл аймагындагы Караган-Сай айылынын 33 жаштагы тургуну Кара-Суу дарыясына агып кеткен. Туугандары тарабынан өз алдынча издөө иштери жүргүзүлүп, табышкан эмес. 5-июль күнү куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок азырынча табыла элек", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

Издөө иштери бүгүн да улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан