Бишкекте унаасын дарак басып калган үй-бүлө Бишкек шаардык мэриясы менен Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасын сотко берүүгө даярданууда. Мындай маалыматты бүгүн, 6-июлда бак басып калган унаанын ээсинин жубайы Элмира Ибраимова билдирди.
"Борбор калаанын Жибек Жолу көчөсүндө эки адамдын кулачы жетчүдөй дарак кулап, жеңил унаабызды басып калган эле. Бактыга жараша, жолдошум аман калган. Ал күнү эч кандай шамал болбой эле дарак кулап түшкөн. Мындан улам биз Кыргыз гидромет агенттигинен ошол күндөгү аба ырайынын жыйынтыгын алдык, Патрулдук милиция кырсык тууралуу тиешелүү кагаздарын беришкен. Жашылдандыруу ишканасы акт толтурушкан. Эми тажрыйбалуу жактоочу таап сотко кайрылабыз. Биздин максат Жашылдандыруу ишканасынын жоопкерчилигин кароо жана талкаланган унаабыздын адистер чыгарып берген 115 миң сомдук чыгымын төлөтүү", - дейт Ибраимова.
Ал билдиргендей, жолдошу күзөтчү болуп иштесе, өзү Токмок шаарындагы балдар үйүндө эмгектенет. Балдары жаш болгондуктан кырсыктан келтирилген чыгымды жоюуга каражаты жок.
Буга чейин Жибек Жолу көчөсүндө 40 жылдан бери өскөн дарак тамыры менен кулап, жеңил унааны басып калганы маалымдалган.