Ферганада бою 2 метр 14 сантиметр милиция кызматкери "Стёпа байке" атка конду

Социалдык тармактардын бириндеги айдоочулар тобунда Фергана облусунда милициянын жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүндө иштеген бою 2 метр 14 сантиметрге барабар кызматкердин сүрөтү кызуу талкууга алынууда.

Топтун мүчөлөрү кызматкердин аты Шерзод экенин, ал учурунда баскетболчу болгонун жазышууда. Айрым колдонуучулар ал жол эрежесин бузган айдоочуларга тиешелүү документ толтурганда, кагаздарын башкалардай капоттун үстүндө эмес, унаанын төбөсүнө коюп алып жазарын билдиришкен.

Жергиликтүүлөр милиция кызматкерин балдар кызыгып көргөн "Стёпа байке" мультфильминдеги башкы каарманга да салыштырып жатканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
haydarkan
2017-07-06 19:51:10
Ушул да жанк болдубу эми ?
-6
NIkalike
2017-07-06 20:13:17
Сонун экен))) Степа байке. Чын эле окшош.
+2
omka100514
2017-07-06 22:25:33
)))) Стёпа байке
+1
ady-88
2017-07-06 22:31:19
Озбекче. Степажон ака
+12
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан