"Суперфутбол-2013" мелдеши "SUPER.KG” жана "Актёрлор" командасынын оюну менен уланууда. Оюндун алгачкы бөлүгүндө “SUPER.KG” командасынын оюнчусу Нурбек Тургуналиев атаандаш команданын дарбазасына 1 гол киргизди. Оюнга комментаторлук кылган “тамашоучу” Эмил Эсеналиев “SUPER.KG” командасы мыкты оюн көрсөтүп жатканын белгилөөдө.