ЖЫЛНААМА, 7-ИЮЛЬ: Белгилүү италиялык ырчы Тото Кутуньо 74 жашка толду

Италиялык ырчы жана композитор Тото Кутуньо 74 жашка толду. Ал 1943-жылы 7-июлда Италиянын Тоскана аймагындагы Масса-Каррара облусунда жайгашкан Фоздиново шаарында жарык дүйнөгө келген.

Адриано Челентано, Жо Дассен, Далида, Ricchi e Poveri сыяктуу аткаруучулар менен кызматташып, атактуулукка өзүнүн "L’italiano" аттуу ыры менен жеткен. Хорватиянын Загреб шаарында өткөн "Евровидение 1990" сынагынын жеңүүчүсү.
Атасы деңиз аскери болуп, трубаны тартып ойногон. Анын артынан Тото Кутуньо да бул аспапты өздөштүрүп, өз алдынча урма аспаптарда жана аккордеондо ойногонду үйрөнгөн. 13 жашында аймактык музыкалык сынакта 3-орунга ээ болгон. 19 жашына чейин Кутуньо жергиликтүү музыкалык топтордо урма аспаптарда ойногон. Андан соң G-Unit ансамбли менен Финляндияга 6 айлык турнеге чыккан. Ал жактан келип өзүнүн "Toto e Tati" тобун негиздеген. Топ менен биргеликте Италияда гастролдорго чыгып, ыр жаза баштаган. 1980-жылы жеке ырчылык менен алектенип, 1983-жылы Сан-Ремодогу сынакта "L’italiano" ыры менен катышкан. Анда 5-орунду алса да, көрүүчүлөрдүн тандоосу боюнча 1-орунду алган. Бул ыры азыркыга чейин популярдуулугун жоготпой келет.

7-июлга карата жылнаама.

Тото Кутуньо, Диана Гурцкая - Solo noi
Тото Кутуньо, Светлана Светикова - Soli
В.Агапова, Т.Кутуньо "Если б не было тебя"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Yasmina87
2017-07-07 14:45:10
Эски ырлар жакшыда баары бир
0
etaj_rus79
2017-07-07 14:52:24
Тото кутуньо ар москвага келгенде мен иштеген ресторанга келип тамак жеп кетет кетеринде колун сунуп рахмат айтып кетет беш алты жолу тамак жасап бердим лично озум
+1
Nazic
2017-07-07 23:58:33
Мектепте окуган кезде кечинде тото кутуньо концерти десе тв баса калчуум,кошо коштоп ырларын, фанат болчуум... туболук очпогон ырлар
0
Nazic
2017-07-08 00:02:46
Ырларын уккан сайын, дале, кайдадыр кыялымды алып учат.... solo noi, гурцкая менен журокко жеткиликтуу кылып ырдашкан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан