СУПЕР ТВ: "Супер Хитке" Данияр Эрматовдун жаш үй-бүлөдөгү кыйын кырдаалды сүрөттөгөн клиби кошулду

SUPER.KG порталынын "Супер ТВ" бөлүмүнүн жума ичинде популярдуу клиптер арасында жүргөн "Супер Хит" сынагынын кезектеги жыйынтыгы чыгарылды. Эң аз добуш алган ырчы Гүлжигит Калыковдун "Сулуунун элең сулуусу" ырына тартылган клип сынактан четтетилди.

"Супер Хит" сынагына бул жумада Данияр Эрматовдун "Көңүлүмдөн калдың" ырынын клиби кошулду. Ырчы сынакка кошулган клиби бир гана сүйүү тууралуу эмес, үй-бүлө баалуулуктары тууралуу экенин айтат.

"Келин жолдошунун досторуна, келген конокторго кандай мамиле кылышы керектиги да көрсөтүлгөн. Учурда айрым кырдаалга байланыштуу жаш балдар атасын же апасын тандай албай ортодо калып жатышпайбы, ушул көйгөйдү да клипте чагылдырганга аракет кылдык", - дейт Данияр Эрматов.

"Супер Хит" сынагынын башка катышуучуларын сюжеттен көрө аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
cher2
2017-07-08 17:36:57
Ким деген клипмейкер тарткан бул клипти
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан