Сузак районунун Кара-Алма айылында сууга аккан 7 жашар баланы жергиликтүү тургундар куткарып калышты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Окуя бүгүн саат 13:30 чамасында болду. 7 жашар бала сууга түшүп кетип, дээрлик 1 чакырымга чейин агып барыптыр. Колу-буту таштарга урулган, көп суу жутуп алган. Аны Асылбек Мамазаиров жана Жыргалбек Абдыкаров куткарып калышты", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.