Чилиде өрттөнгөн токойду жашылдандыруу иштерине иттер катышууда

Жыл башында Чили өлкөсүндө болгон өрттөн 11 адам каза болуп, 150дөйү жабыркап, 1500 үй өрттөнүп, 500 гектар токой жана айыл чарба жерлери жок болгон. Жалпысынан бул өрт 333 миллион доллар чыгаша алып келгени маалымдалат чет элдик маалымат булактарында.

Учурда Чилиде өрттөлгөн токойлордо жаңы жашоо жаратуу максатында дарак, чөп, гүлдөрдүн уруктары себилүүдө. Бул долбоордун өзгөчөлүгү - анын кызматкерлери иттер.

Атайын иттер үчүн тигилген сумкаларга урук салынып, алар токойго коё берилет. Иттер чуркаганда сумкадан уруктар түшүп турат. Долбоордун авторлору уруктар өнүп чыкса, өрттөн качкан токой жашоочулары кайтып келишерине үмүттөнүшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TIMON_BERKOWITZ
2017-07-10 11:02:53
Башы иштейт ошолордун. Биздикилер болгондо жарабай калды токой деп туруп котедж салып башташмак женесинин кайнисине)))
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан