Кыргыздын 3 тасмасы Астанадагы эл аралык "Евразия" кинофестивалына катышмакчы

Кыргыздын 3 тасмасы Астанада 22-28-июль күндөрү өтө турган XIII Эл аралык "Евразия" кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кинематография департаментинен кабарлашты.

Аталган кинофестиваль Борбор Азиядагы ири кинофоруму болуп эсептелери белгиленет маалыматта.

Негизги сынакта режиссёр Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы катышат. Кыска метраждуу тасмалар сынагында Акыйкат Аскаровдун "Суудагы жарыш" ("Заплыв") тасмасы көрсөтүлөт. Ал эми "Тулпар" улуттук кино сыйлыгы үчүн "Борбор Азия жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн мыкты тасмасы" номинациясында Руслан Акундун "Апамды издеп" ("В поисках мамы") тасмасы ат салышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nargiza1987k
2017-07-10 13:03:20
Апамды издеп тасмасына ийгилиииииик
0
jbolotov
2017-07-10 16:24:11
Актан Арым Кубаттын тарткандары учун мен азыр уялам. Бала кезде Беш кемпир ж.б тарткандарына эл аралык сыйлыктар берилип атса тушунбочумун, европада толгон кинолордон биздин эч бир кыйратбаган кинобузга эмне учун сыйлык берип атат деп. Корсо ошол кездеги жетишбеген жактарыбызды Мына Кыргыздар ушундай жашайбыз деп, койду тошоко ала жатып бизди жапайы африкадай корсоткону учун куу европалыктар ыраазы болуп далыга таптап жылтырактарын берип Актанды алдаган тура. Мен сыйлабайм мындай Актандарды. Биз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан