Бүгүн, 10-июлда алгачкы жолу жалаң той алып баруучуларынын “Упай форум” аталышындагы форуму өтүүдө. Ага бир топ тамадалар катышып, өздөрүнүн иш-тажрыйбалары менен бөлүшүүдө. Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири алып баруучу Урмат Борченов форумдун максаты тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.
“Той кыргыздын ажырагыс бөлүгү, ал эми тойдо башкы ролду ойногон тамада. Азыркы учурда той алып баруучулары үчүн атайын мектеп жок. Мындан улам Максат Тынаев аттуу алып баруучу менен биргеликте атайын тамадалардын башын бириктирип, бири-бири менен тажрыйба бөлүшүүгө, өзүн-өзү өстүрүүгө ыңгайлуу болгон аянтча түзүүнү чечтик. Анда ар бир тамада тойду башкаруудагы өзгөчөлүктөрү тууралуу баяндап берет жана ага жараша упай топтойт. Ошондуктан форумдун аталышы “Упай форум”. Жолугушуулар муну менен токтоп калбастан улам ар кандай теманы чагылдырып, улантып турмакчыбыз”, - дейт Борченов.
Ошондой эле форумга 100гө жакын тамада чакырылганын, бирок 40ка жакын гана катышуучу келгенин кошумчалады.