Жайдын ысык аптабында борбор калаанын тургундарынын көбү эс алууга чыгып, шаардын ызы-чуусунан алыс болууну каалашат эмеспи. Алардын катарын шоу-бизнестин атактуулары да толуктайт. Мындан улам атактуулардын жайкы эс алуусу кайда, кантип өтүп жатканына кызыгып көрдүк.
Ырчы Бактыгүл Бадыева жыл сайын жайкы эс алууну Түркиянын Анталия шаарында өткөрөрүн SUPER.KG порталына айтып, быйыл да ал салтты бузбаганын билдирди.
“Биз жыл сайын үй-бүлөбүз менен Түркиянын Анталия шаарында эс алабыз. Быйыл да жарым айдай ошол жакта жүрүп келдик. Мындан сырткары август айында Ысык-Көлгө барып эс алып келүүнү пландап жатабыз. Азыр эртеден-кечке жумушта болуп, сыртка көп чыкпагандыктан ысыктан кыйналган деле жокмун. Ал эми дем алыш күндөрү шаардын четиндеги дачага кетип калабыз”, - дейт ырчы.
Ырчы Аскат Мусабеков эс алууга койгон пландарын айтып, аны ишке ашырууга убакыт келбей жатканын кошумчалады.
“Быйыл жайкы эс алуумду айылдан өткөрөйүн деген планым бар. Негизи эле айылга барып, чөпкө жардам бергенден өткөн эс алуу жок. Эгер убакыт болуп калса, Ысык-Көлгө барып бир чумкуп алсам андан да жакшы болмок. Азыркы ысыктан кондиционердин жардамы менен коргонуп жатам”, - дейт ырчы күлүп.
Ал эми ырчы Дайыр Исмадияров 10 күн Таиланддын Паттайя шаарында эс алып, өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына ал жактан түшкөн сүрөттөрү менен тынбай бөлүшүп жатса, жаш актёр Азамат Уланов казак актёру Тауекел Мусилим баш болгон чыгармачыл топ менен биргеликте Мальдив аралында эс алып жүргөн сүрөттөрүн жарыялады.
Андан сырткары атактуулардын көпчүлүгү Кыргыздын бермети болгон кереметтүү Ысык-Көлдө эс алышууда. Алар “Non-stop” дуэтинин ырчысы Чолпон Талипбекова, Кундуз Канатбек кызы, Асел Кадырбекова, Баястан, Айым Айылчиева, Алихан, Айдана Дека, Гүлжигит Калыков жана башкалар.