Бишкектен 5-майда жоголуп кеткен 9 жашар кыз Лидия Видясованын сөөгү Ысык-Ата районунан табылды. Бул тууралуу 18-майда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Ал эми кылмышка шектүү делип 2 адам, 30 жаштагы Андрей Овчинников жана Лидияны караган бала багуучу Бактыгүл Бекказиева кармалган. Кылмышка шектүү Андрей Овчинников мурун соттолуп, жаза мөөнөтү бүтө электе түрмөдөн качып кеткен. Ошондой эле ал кыздын бала багуучусу менен спирт ичимдиктерин ичип, андан соң кызды Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылына алып барып, уктап калганын айтат. Ойгонсо кыз ыйлап жаткан экен. Телевизордон кызды милиция кызматкерлери издеп жатканын көрүп, түрмөдөн качып кеткендигине байланыштуу коркуп, кызды тумчуктуруп өлтүрүп, андан соң денесин целлофан баштыкка ороп, жер төлөгө алып кирип, аң казып көмүп салган. Маалым болгондой, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.