АКШда мектеп окуучусу Пентагон башчысынан телефон аркылуу интервью алды

Тедди Фишер аттуу Америкалык мектеп окуучусу АКШнын коргоо министри Жеймс Меттистин жеке телефон номерин кокусунан таап алып, аны менен 45 мүнөттүк маек курду. Бул тууралуу «New York Post» гезити жарыялады.

"Вашингтондук өспүрүм Washington Post гезитинде жарыяланган сүрөттөн Пентагон башчысынын жеке номерин көрүп калат. Андагы сүрөттө АКШнын президенти Дональд Трамптын күзөтчүлөрүнүн бири Кит Шиллердин колундагы кагаздардан коргоо министринин аты-жөнү, жеке телефон номери бар эле. Кийинчерээк бул сүрөт гезиттин расмий сайтынан өчүрүлгөн. Ал эми Фишер сүрөт өчүрүлгүчөктү байкап калып, Меттис менен байланышып көрүүнү чечет. Алгач ал анын телефонуна маек берүүсүн өтүнгөн кат калтырат. Пентагондун башчысы анын сунушуна макул болуп, 45 мүнөттүк сүйлөшүү учурунда, мектеп окуучуларына өз тажрыйбасы менен бөлүшүүдө ар дайым жардам бергенинен тарта, тышкы саясий суроолорго чейин жооп берет. Ошондой эле Сирия, Ооганстандагы радикализмдин алдын алууда АКШ алардын мектеп программаларына акча каражаттарын бөлүп турса абал турукташарын да ачыктайт. Жыйынтыгында АКШ армиясынын башчысы менен окуучунун маеги Фишер окуган мектептин гезитине жарыяланат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kadamjai90
2017-07-11 09:54:35
жакшы
0
Abdusamat.kg
2017-07-11 10:44:36
Азамат бала экенсиң . Министр да баракелде. Бизде андай учур катталса сенсация болот
+3
bolsunalban
2017-07-11 20:10:18
Abdusamat.kg,Биздин министрлер минтип окуучулар менен баарлашпаса да керек...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан