"Суперфутбол-2013" мелдешинде “О!” “Мегаком” командасын 4:2 эсебинде утту. Оюндун негизги бөлүгүндө эки команда 3:3 эсебинде тең болуп калганда, дарбазага 11 метрден топ тебүү белгиленди. Анда “О!” командасы 4 гол, “Мегаком” 2 гол киргизди. Ошентип жыйынтыгында “О!” командасы жеңүүчү болду. Учурда “Шоро” жана “Аюу” командалары беттешке чыгышты.