Театр жана кино актрисасы, КРнын Эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылы 12-июлда Нарын облусунун Чаек кыштагында төрөлгөн.
1960-жылы 16 жашында "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу тасмада дебюттук ролун аткарган.
17 жашында Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы институтунун "Драма жана кино актёру" факультетине тапшырган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген.
Театрда дүйнөлүк жана советтик классиктеринин чыгармалары боюнча сахнага 30дан ашуун эстен кеткис образдарды алып чыккан: Жульетта ("Ромео жана Жульетта"), Амелия ("Бернарда Альбанын үйү"), Фелисьяна ("Бий мугалими"), Асел ("Делбирим"), Анвар ("Фудзиямадагы кадыр түн") жана башкалар.
Таттыбүбү Турсунбаева Кыргыздын эл сүйгөн эң атактуу актрисасы. Анын сулуулугу бүткүл элди суктандырган. Аны "сахнанын ханышасы" деп да аташкан. Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, ролдорун жеткиликтүү аткарган. "Ак Мөөр" фильминен соң "Соң-Көл чүрөгү" деген атка конгон. Тилекке каршы, анын өмүрү кыска болгон. Ал 1981-жылы 21-декабрда 37 жашында дүйнөдөн кайткан.
12-июлдун жылнаамасы.