11-июлда Улуттук статистика комитети республиканын биринчи жарым жылдыктагы өнүгүү жыйынтыктарын сунуштады.
Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу негизги металлдарды өндүрүү 1,5 эсеге, металл кендерин алуу – 4,4 эсе, негизги металлдарды өндүрүү – 1,5 эсе жана нефть продуктуларын өндүрүү 1,4 эсеге өскөн.
Тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн өсүшү кайра иштетүү жана жашылча-жемиштерди консервалоонун 1,8 эсеге көбөйүшү, ун өндүрүшүнүн – 30 пайыз, сүт азыктарынын – 20 пайызга өсүшү менен шартталган. Ошондой эле аялдардын жана эркектердин кийимин чыгаруу өскөн.
Тартылган инвестициялардын 80 пайыздан ашыгы кен тармагына бурулган
Биринчи жарым жылдыкта өнөр жай тармагындагы инвестициялар кыскарган. Улуу Британиядан геологиялык чалгындоого, Түркиядан – курулуш ишкерлигине, Канада жана Кытайдан иштетүү өнөр жайына, Россиядан - каржы тармагына инвестициялар кыскарган.
Тартылган инвестициялардын 80 пайыздан ашыгы пайдалуу кендерди казып алуу объекттеринин курулушуна, электр энергиясы, газ менен камсыздоо, транспорт ишмердиги, мейманкана жана турак жай багыттарына жумшалган.
Тейлөө кызматтары тармагында чекене жана дүң соода жүгүртүү, унааларды оңдоо орточо 5 пайызга өскөн. Ошондой эле Нарын облусунан тышкары бардык аймактарда мейманкана ишмердигинин кызматтарынын көлөмү өскөн.
Азык-түлүк товарларынын наркы түштү
Июнда тамак-аштын баасы 0,4 пайызга өскөн. Ошону менен бирге баалар азык-түлүккө, алкоголдук жана алкоголсуз ичимдиктерге, тамекиге көтөрүлгөн. Ал эми азык-түлүк товарларынын баасы, тескерисинче, бир аз төмөндөгөн.
Биринчи жарым жылдыкта керектөөчүлүк тармакта инфляциянын деңгээли 2,8 пайызды түздү. Жыл башынан бери тамак-аш продуктуларынын жана алкоголсуз ичимдиктердин баасы 5,2 пайызга жогорулаган. Ошону менен бирге сүт азыктары, жумуртка, акшактар бир аз арзандаган. Картошка, жашылчаларга, этке баа кыйла көтөрүлгөнү белгиленген.
Тамеки өткөн жылдагыдан 14,7 пайызга кымбаттап, алкоголдук продуктулар, тескерисинче, бир аз арзандаган.
Экспорт көбөйдү
Республиканын тышкы экономикасында оң динамика байкалууда. 2016-жылдын 1-жарым жылдыгында экспорттук ташуулар 30 пайызга өскөн. Бул өлкөдө аялдардын, эркектердин кийимдерин, кургак жемиштерди, кенди, алтын концентратын жана башка баалуу металлдарды өндүрүү жана экспорттоо менен шартталган. Импорттук түшүүлөрдүн көлөмү 10 пайызга жогорулап, 1 миллиард 614 миллион долларды түздү. Республикага баарынан көп фармацевтикалык продуктуларды, ун кондитердик азыктарды, байланыш аппаратурасын, жасалма кездемелерди алып келишкен. Ошол эле учурда унаа жана тракторлордун бөлүктөрүн, тетиктерин ташуу 7 пайызга, жол жана курулуш техникаларын ташуу – 58 пайызга, косметика – 47 пайызга кыскарган.
ЕАЭБдин алкагында өз ара сооданын көлөмү 874 миллион долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 11 пайызга өскөн. Экспорттук ташуулар 29 пайызга, импорт – 6,3 пайызга жогорулаган. ЕАЭБде жогорку соода үлүшү Россия менен Казакстанга туура келет.