Араб координациялык тобу Кыргыз өлкөсүнүн 357 миллион долларлык долбоорлорун канааттандырды

Араб координациялык тобу Кыргыз өлкөсүнүн 357 миллион долларлык долбоорлорун канааттандырды. Бул тууралуу кечээ, 11-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ биринчи вице-премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Араб координациялык тобунун катышуусунда тегерек стол өттү. Маалыматка ылайык, аталган сумма менен 23 долбоор каржыланат. Анын экөө транспорт тармагы, бешөө саламаттыкты сактоо тармагы, бирөөсү энергетика тармагы, 15и сугат жана суу менен камсыз кылуу боюнча сугат долбоорлору. Аталган топ Кыргыз мамлекетиндеги экономикалык реформаларды жогору баалады.

Абылгазиев сентябрь айында өлкөгө топтун техникалык адистери келе турганын айтты. Ал билдиргендей, адистер бардык долбоорлорду изилдеп, ишке ашырууга даярдык көрүшөт.

“Сунушталган долбоорлор биздин республика үчүн абдан актуалдуу жана маанилүү. Аларды ишке ашыруу менен калктын жашоо деңгээлин жана бакубаттуулугун өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет”, - деди ал.

Жыйынтыгында тегерек столдун катышуучулары протоколго кол коюшту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Myrzaw98
2017-07-13 09:35:35
57 миллион бир чондун чонтогуно кетет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан