"Суперфутбол-2013" мелдешинде КТРК “Тамашоу” командасын 2:1 эсебинде утту. Оюн күчтүү атаандаштыкта өттү. Учурда “WWW.”SUPER.KG” жана "Бийчилер" командасынын беттеши башталууда. Ал эми командаларды жеңиши менен куттуктап оюн талаасына “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “2012-жылдын Супер ырчы мырзасы” Нурлан Насип “Чабалекей” аттуу ырын аткарып берди.