Флорида штатында 100 метрге чейин тизилген эс алуучулар чөгүп жаткандарды сактап калышты

АКШнын Флорида штатындагы Панама-Сити шаарынын кум жээгинде 80дей эс алуучу бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүн сактап калышты. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлашты.

Маалыматтарга ылайык, Роберта Урсрей үй-бүлөсү менен Мексика булуңунун жээгине эс алганы барган. Ал эки уулу жок болуп кеткенин байкап, аларды агым жээктен алыстатып жатканын көргөн. Урсрей балдарына жардамдашууга сууга түшкөн, анын аркасынан үй-бүлөнүн дагы 6 мүчөсү түшкөн. Бирок алардын бири да агымга туруштук бере алган эмес.

Чөгүп жаткандарга жээкте эс алып жүргөндөр жардамга келишкен. Алар бири-бирин колдон кармап, суунун ичи менен 100 метрге чейин тизилип, чөгүп жаткандарды жээкке чыгарышкан.

Чөгүп жатып инфарктка кабылган Роберта Урсрей ооруканага жеткирилип, кийинчерээк жардам бергендерге ыраазычылыгын билдирген. Андан бөлөк эч ким жабыркаган эмес.

Флоридада 80дей адам чөккөндөрдү сактап калышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Atas
2017-07-12 12:07:56
Jakshy kylyshyptyr kuch birimdikte degen ushu da
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан