Бишкектеги Улуттук госпиталда бүгүн, 12-июлда телемедициналык кабинет ачылды. Ачылыш аземге Кытайдан келген делегациянын өкүлдөрү, жергиликтүү дарыгерлер катышып, Каракол жана Үрүмчү шаарларындагы ооруканаларга онлайн-консультацияларды өткөрүштү.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин стат-катчысы Жазгүл Кийизбаева: "Кытайдын Үрүмчү шаарынын башкармалыгы тарабынан Кыргыз мамлекетиндеги 15 саламаттыкты сактоо уюмуна телемедициналык кабинетке керектүү шаймандар орнотулган. Телемедициналык кабинеттердин жардамы менен Улуттук госпиталдагы тажрыйбалуу дарыгерлер онлайн түрүндө аймактардагы кесиптештери менен байланышып, кеп-кеңештерин бере алат. Ошондой эле республиканын башка аймактарындагы бейтаптар борбордогу дарыгерлер менен видеоконференция аркылуу байланышып, маселелери боюнча кайрылса болот", - деп билдирди.
Дарыгерлер бул долбоор медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртарын жана өлкөдөгү дарыгерлердин ортосундагы тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтөрүн баса белгилешти. Телемедициналык шаймандар Бишкектен сырткары Жайыл районундагы, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы ооруканаларда орнотулган.