Кыргыз өлкөсүндө туристтердин атылган коёндор менен тартылган видеосу талкууга түштү

Кыргыз өлкөсүндө туристтердин атылган коёндор менен тартылган видеосу интернет колдонуучуларынын талкуусуна түштү. Интернет колдонуучулар "биздин жаратылышты акчалуу чет өлкөлүктөр талкалап жатат", - деп ачууланышса, айрымдары "алардын уруксаты бар, атайын мергенчилик кыла турган жайлар бар", - деген пикирлерин билдиришти.

Ал эми бул туристтердин эс алуусуна көмөктөшкөн туристтик компаниянын өкүлү Жылдызбек Музуратбеков алар Араб өлкөлөрүнүн жарандары экенин айтат. Ошондой эле Музуратбеков туристтер Кыргыз өлкөсүнө келгенден кийин ушул туристтик компания менен байланышып, кызмат көрсөтүүнү сурашканын билдирди.

"Туристтер Суусамырдагы кымыз ичип, эс ала турган жайга барышып 3 күн конок болушкан. Кийин алар менен өз ара келише албай калдык. Андан кийин туристтер башка айдоочуларды жалдап Ысык-Көл тарапка кетишкен. Бул видео бизден кеткенден кийин тартылыптыр. Видео интернетке чыкканда биз ал айдоочуларды таап байланыштык. Айдоочулар коёнду арабдар атпаганын, алар жергиликтүү аңчылардан коён менен сүрөткө түшүп алуу үчүн убактылуу алган деп билдирди. Ошондой эле айдоочу сүрөткө түшкөндүктөрү үчүн туристтер жергиликтүү мергенге 1000 сом акча бергенин айтты", - дейт Музуратбеков.

Кыргыз жеринде аңчылык кылышкан чет өлкөлүктөр
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Jigit2
2017-07-12 13:40:45
ХХХ
+3
admin_superstan
2017-07-12 14:36:45
Jigit2, этика нормаларын сактаңыз.
-3
kychan.98
2017-07-12 15:26:27
admin_superstan,араптарго .эми кытайьар калып араптардан жеен кутобузбу
0
Atas
2017-07-12 13:40:51
Kyrgyzstanybyzga neebir kopkon turisster kelet eh eh okunuchtuu , akcha karmatyp koiushat kylmysh kylsa
+2
zhykyo
2017-07-12 14:12:00
Ушинтип алып келбей эле койгула Туристерди кунумдук оокат деп
+11
Mekush87
2017-07-12 14:36:04
Акчаны коргондо коздору куйуп байкуш кыргыздар алданып калабыз да
+4
tyrgon
2017-07-12 22:26:43
Mekush87, байкуш кыргыздарбы же СЫларбы
0
Revolyutsiya2
2017-07-12 14:51:47
Туризм менен особуз, онугобуз, кыйратабыз дегендер кайда?!! Былтыры кочмондор оюнун откоруп кереги жок, бул акчаны максаттуу колдонолу, зарыл нерселерге жумшайлы десек биз дуйного таанылабыз, толтура турист тартабыз дегендер кайда?!! Той болду, тойдун эртеси да болду, окуучтуусу бир ууч бийликтегилерди сыйлоо учун миндеген окуучулар дагы жаны мектепсиз калып авариялык мектептерде окуп журушот. Ал эми келген туристтердин кылгандары бул!!! Кыйраттынар ошондо турист тартып!
+3
scorp
2017-07-12 15:49:07
ана эмесе тим эле арабдарды туурайсынар кийингенинен бери а арабынар болсо биздин жерде журушун кара, биз мынтип журсок дароо эле штраф камайм дешет!!!
+4
PROS
2017-07-12 21:46:31
Туристтерден күнөө издеген туура эмес! Күнөөнүн баары өзүбүздө (б.а. мыйзам иштебеген, коррупция гүлдөгөн өлкөдө). Мыйзам толук иштесе эч кайсы турист келип ээнбаштык кыла алмак эмес! Акча десе апасын саткан паракорлордо күнөөнүн баары!
+2
Rahim76
2017-07-12 22:38:03
Арабдар ото чириген байлар го .Жок дегенде кыргызым 10000 сурабайсынбы.1000 сомго алданбай.
0
pixduel1
2017-07-13 03:19:10
Арабдарга барып ушул кылыкты кылсак башыбызды алып колубузга карматып коймок! Уят кыргыздар мынчалык болгон эмес...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан