Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкекке жана Нарынга эконом-класстагы турак жай куруу боюнча тендер жарыялады

Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкекке жана Нарынга эконом-класстагы турак жайын куруу боюнча тендер жарыялаган. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев маалымат жыйында билдирди.

Ал билдиргендей, Бишкек шаарында Туңгуч кичи районунда 9 кабаттуу, 135 баатирлүү үй, Нарын шаарына 5 кабаттуу, 60 батирлүү турак жай куруу боюнча курулуш уюмдарын тандоого 19-июнда сынак жарыяланган.

Шамкеев Нарын тоолуу аймак болгондуктан сейсмо туруктуулукка катуу талап коюла турганын эскертти. Компания курулуш иштеринин сапатына көз сала турганын кошумчалады.

Мындан тышкары, төрага компания насыяга берүү үчүн даяр турак жайларды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди.

Эске салсак, "Арзан турак жай-2015-2020" программасынын алкагында ипотекалык насыя былтыркы жылдын март айынан тарта бериле баштаган. Бүгүнкү күнү 1 410 жаранга берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан