Түркиянын оппозициялык дин аалымы Фетхуллах Гүлен Түркияга баруудан качпай турганын билдирди

Түркиянын оппозициялык дин аалымы Фетхуллах Гүлен Америка Кошмо Штаттары аны өз өлкөсүнө кайтарып берүү тууралуу буйрук чыгарса, ал качууга аракет кылбай, Түркияга кайтарын билдирди. Белгилей кетсек, буга чейин Гүлен АКШдан Канадага кетери тууралуу сөз тараган, ал бул маалыматты төгүндөп, "Рейтер" агенттигине "эгер Вашингтон мени тапшырууну туура көрсө, мен Түркияга кете берем" деп билдирген.

Мындан тышкары маегинде ал учурдагы Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын саясатын дагы сындап, "диктаторлук" режим менен өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттарына басым жасап жатканын айтып өттү. Ошондой эле ал АКШнын президентинин жетекчилиги менен Дональд Трамптан жана Европа өлкөлөрүнүн бийликтеринен Түркиядагы саясий эркиндикти калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүүнү суранган.

Маалыматка ылайык, Түркиянын вице-премьери Нуман Куртулмуш Гүлендин Канадада анын сатып алган жери жана кыймылсыз мүлкү бар экенин айтып, ошол жакка качып кетерин билдирген.

Белгилей кетсек, Түркиянын бийлиги Фетхуллах Гүленди 2016-жылдын 15-16-июлдарындагы өлкөдөгү баш аламандыкты уюштурууга катыштыгы бар дешип, аны АКШдан кайтарууну суранышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Revolyutsiya2
2017-07-12 14:56:27
АКШ кайтарып бербесе Туркияга барбаганы ошол да Эрдоган бийликте экен... АКШ аны Туркияга бере койбосун биле туруп айтып жаткан кеби да... Анда Бакиев да "Белоруссия мени Кыргызстанга кайтарып берсе, мен качпай барам" деп айтса жарашчудай экен, Лукашенко Бакиевди кыргыз бийлигине бербесин биле туруп...

Кыскасы суйлоп коюптур да...
-3
meni_kut
2017-07-12 16:02:36
Кой келбесин,Садыр Жапаровко окшотуп камап коет.Жапаров да Казакстандан коркпой келген эле.
,
+3
Bakyi
2017-07-12 18:14:06
Bul din Aalymy emes ele
Din buzar!!!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан