СУПЕРСТАН: "Кыргыз болуп төрөлгөнүңүзгө өкүнөсүзбү?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргыз болуп төрөлгөнүңүзгө өкүнөсүзбү?" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Кыргыз болуп төрөлгөнүм кубандырат. Биз кыялданган жерлердин да өз оош-кыйыштары бар. Азыр Кыргыз жеринде жашап жатканына өкүнгөн адам ал жакка барганда деле өкүнөт. Жашоого топук кылып жашашы керек. Анткени илгери эле биздин ата-бабаларыбыз "биз бара элек жер - Мисир" деп айтышкан. Башкача айтканда, биз бара элек жер дайыма жакшы сезилет, бирок ал деле кадимки бир жер дегендей. Ошондуктан тагыраак болсун, элдин ою Мисирден өткөн мекен жок экен деп калбасын деген таризде кайра «Мисирде султан болгончо, өз элиңде ултан бол» деп айтышкан. Жашоо ушундай".

"Баарыңар эле өкүнбөймүн деп жатпайсыңарбы, сыналгыдан 8-9-класстагы балдарды көрсөтүп, алардан "Кыргыз болуп төрөлгөнүңөргө өкүнөсүңөрбү?" деген суроо салышты. Андагы балдардын жообу "ооба, өкүнөбүз. Америка же Францияда төрөлсөк" деген сыяктуу болду".

"Кыргыз болгонума сыймыктанам. Бирок бизде, негедир акыркы күндөрү көрө албастык күчөдү. Ушул сапатыбызды жаман көрөм. Чоңдорубуздан баштап бири-бирибиздин бутунан кармап турабыз. Билбейм, качан бири-бирибизге бут тоспой кол жаябыз?"

"Кайсы бир телеберүүдө журналист Бишкектин көчөлөрүндө жүргөн элдерден интервью алып жүрөт. "Эгерде сен дагы төрөлө турган болсоң, кайсы мамлекетте төрөлмөк элең?" деген суроосуна бирөөсү да кайра эле кыргыз болуп төрөлмөкмүн деп жооп берген жок. Ар кайсы өлкө, шаарларды айтышты. Ошол адамдар бейиштей болгон, далай улуттарды суктандырган жерде жашап жатышканын сезишкен эмес го. Бир жолу арабдар өлкөбүзгө келип "биз бейишти ушундай элестетебиз" деп айтышкан экен. Мен эч качан өкүнбөйм, өкүнөм деген оюм да жок, ойлонбойм дагы".

"Тарыхы кылым карыткан, "Манастай" улуу эпосу бар, көк асман тиреген Ала-Тоодо жашасам, дүйнө жүзү боюнча тоодо жайгашкан терең көлдөрдүн экинчиси болуп саналган Ысык-Көлдө төрөлсөм, таене, чоң аталарымдын колунда тайтаңдап эркелеп чоңойсом, жайлоонун гүлүн терип, сары майга тоюп, мээримдүү ата-энем тарбия берип чоңойтуп адам кылса, анан өкүнөсүңбү деген суроого орун жок!"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Izdeim_seni.
2017-07-12 18:26:35
kee bir adamdardu koryp okynyp ketem. upulas adamdar koboidy
-1
talant87
2017-07-12 18:28:15
туулган жердин топурагы алтын демек мен окунбойм себеби диним иштегеними озум тандайм биз мыйзамду олкодо жашайбыз
+1
Hadyja
2017-07-12 18:38:13
Кубанам кыргыз болгонума.Тилибиз сулуу,башка тилдерди билип,айырмалаганга.Жерибиз сулуу.Ата-бабаларыбыздын баскан жери улуу.
Ошого,кыргыз улуу элбиз.Сыймыктанам,коп жерден.Бири-бирибизге болгон меймандостук,сый дагы аябай жагат
0
Ernisbii
2017-07-12 18:42:31
Кыргыз болгонума Аллага шүгүр,Кыогызстаным кандай болсо ошол бойдон жагат.
+1
jigitaly
2017-07-12 19:01:32
Кыргыз болуп торолгонума мин мертебе Аллага разычылык айтам
+1
Tunerbei1812
2017-07-12 19:36:53
Айныган бузуку суроо. Башка соз жок.
+2
Dante
2017-07-12 20:09:18
Эн биринчи мусулман болгонубузга шугур
+1
kyrgyz-patriotu
2017-07-12 21:01:04
Кыргызстан бейиштин мекени. Каалаганындын баары бар. Башка эмне керек!?
0
Maks_shop
2017-07-12 21:43:21
Кыргыз болуп торолгонумо Аллахка шугур мындай темаларды ачкан аламдар барлыгы окундурот
+1
admin_superstan
2017-07-13 11:17:31
meniuk, этика нормаларын сактаңыз. Флуд үчүн 2 күнгө БАН!
0
gordaya
2017-07-13 12:13:20
Мен кыргызстанда торолгонумо окунбойм, бирок кыргыздардын ичи тар, майда болуп баратканына, балдарыбыз кыздарды коргобогонуна, кыздардын намысын сактабаганына окуном.(((.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан