Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева 11-июлда Лондондо үй-бүлөнү пландоо саммитине катышты. Ал үй-бүлөнү пландоону туура түшүнүүгө жетишибиз керек, бул балдардын төрөлүшүнө тыюу салуу эмес деген пикирин билдирген.
"Кош бойлуулуктун алдын алуучу каражаттар аялдарга акысыз берилбеген мезгилде Кыргыз мамлекети үчүн үй-бүлөнү пландоо орчундуу көйгөй бойдон калууда. Лондондө өткөн саммитте Кыргыз өкмөтү 2018-жылы энелердин өлүмүн кыскартуу максатында муктаж болгон 20 пайыз аялдарга кош бойлуулуктун алдын алуучу каражаттар үчүн каржы бөлүп берүү каралып жатканын билдирди.
"Элет жеринде жашаган үй-бүлөлөрдө кооптуу болгон белгилерди аныктап алуу үчүн жетиштүү маалыматы жок. Алар балдардын аралыгы канча жашта болуусу керектиги боюнча ыкмаларды пайдалана беришпейт. Төрөт учурунда каза болгон энелердин басымдуу бөлүгү- ички эмгек мигранттары, жарды жашагандар жана жумушсуздар. Кош бойлуулук мезгилинде же төрөт учурунда каза болгон энелердин 90 пайыздан ашыгы жумушсуздар же мигранттар болгон", - дейт Аида Касымалиева.
Белгилей кетсек, 11-июль - Бүткүл дүйнөлүк калк жайгаштыруу күнүнүн темасы быйыл "Үй-бүлөнү пландоо ар бир адамдын укугу" болгон. Анда БУУнун Калк жайгаштыруу фонду коомчулуктун өзгөчө көңүлүн үй-бүлөнү пландоо маселесине бурду. Үй-бүлөнү пландоо адамдарга балдардын каалаган санына ээ болууга жана алардын төрөлүүсүнүн ортосундагы аралыкты аныктоого, каалабаган кош бойлуулуктан сактанууга мүмкүнчүлүк берет жана эне менен баланын өлүм учурларына бөгөт коёт. Буга контрацепция ыкмаларын жана тукумсуздукту дарылоо аркылуу жетишет.