Жоомарт Оторбаев депутаттардын "Бюджеттин тартыштыгына ким күнөөлүү?" деген суроосуна жооп берди
ЖКда депутаттар "республикалык бюджеттин дефицит болушуна мурунку өкмөт күнөөлүүбү же азыркы өкмөт күнөөлүүбү?" деп биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевге кайрылышты. Жоомарт Оторбаев буга "Кумтөрдүн" тегерегинде жаралып жаткан көйгөйлөр себеп болгону менен түшүндүрдү. Эгер "Кумтөрдү" эсепке албаганда экономикалык өсүш жаман эмес",- деди Оторбаев.