Кыргыз студент кызы Арина Тургунбекова британиялык “The Voice UK” сынагынын тандоо туруна катышууда. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына маалымдады.
Айтымында, ал сынактын биринчи тандоо турунан өткөн. Учурда экинчи тандоо турунун жыйынтыгын күтүүдө.
“Мен кичинемден бери чоң сахнага чыгууну кыялданчумун. Мындан улам бир да жолу кыргыз шоу-бизнесине аралашууга аракет кылган эмесмин. Себеби бизде ырчы болуп чыгуу өтө эле оңой. Буга чейин Лондондогу “Х-фактор” долбооруна 2 жолу арыз таштап, экөөндө тең уктурууга чакырылгам. Тилекке каршы, алар берген аз убакыттын ичинде виза үчүн документтер бүтпөй калып барган эмесмин. Бул жолкусунда “The Voice UK” долбооруна ырдаган видеолорумду жиберип, тандоодон өттүм. Жакында 2-турдун тандоо туруна катышуу үчүн Лондондун “London Television Centre” телеканалына барып келдим. Жыйынтык август айында маалым болорун айтышты”, - дейт ал.
Арина Тургунбекова 18 жашта. Учурда Борбор Азиядагы Америка Университетинин студенти. Кесиби боюнча кыл кыякчы.