Ысык-Көл облусунда өлкөнү өнүктүрүүдө парламенттин ролу тууралуу семинар өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Жарандардын жигердүү катышуусундагы күчтүү мамлекеттик демократия" аталышындагы иш-чара 3 күнгө созулат. Анда демократиялык багыттагы ишмердүүлүктүн натыйжалары тууралуу сөз болмокчу. Ошондой эле парламент менен жарандардын жана жарандык коомдордун ортосундагы өз ара байланышты арттыруу маселелери да каралууда.
Семинарга Жогорку Кеӊештин депутаттары, парламенттик аппараттын кызматкерлери жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышып жатат. Бириккен Улуттар Уюмунун аталган багыттагы адистери тажрыйбалары менен бөлүшүп, бир катар докладдар окулары күтүлүүдө.