Коммунисттик Кытайдын алгачкы башкаруучусу Мао Цзэдундун кол жазмаларынын топтому аукциондо 900 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда. Маалыматка ылайык, аукцион Лондондо уюштурулуп, анда Мао Цзэдундун 1975-жылы жазган кол жазмалары сатылды.
Аукциондун катышуучулары бул өтө сейрек кездеше турган документ экенин айтышкан. Кол жазма топтомдорунда Мао абдан баалаган Кытайдын адабиятынын, поэзиясынын улуу классиктеринин ойлору жазылган. Жазмаларды ал ден соолугу кескин начарлаган жылы, каза болгондон 1 жыл мурун жазган. Бул убакытта анын көздөрү жакшы көрбөй калгандыктан үнүн чыгарып окуп берген адабият адисин алдырткан. Мао Цзэдун өмүрүнүн акыркы жылында адабият боюнча адис Ди Лю менен да сүйлөшүүгө чамасы келбей калгандыктан Ди Лю ага өз ойлорун кагазга жазып берүүнү сунуштаган.
Мындан улам бул жазууларды сатып алган адам Кытайдын адабиятынан кенен маалымат ала алат.
Мао Цзэдун 1949-жылы Кытайдын коммунисттик партиясын башкарган. Гоминдан партиясын жеңгенден кийин Маонун жетекчилиги алдында Кытай Эл Республикасы түзүлгөн. Ал студенттик күндөрүнөн тартып Пекин университетинин китепканасында иштеген. Өзүнүн өмүрүндө башкаруучулук кызматтарда, саясатта жүргөнүнө карабастан адабиятка болгон сүйүүсү солгундаган эмес.