Кербен шаарындагы байланыш компаниясынын антеннасын курууга райондук архитектура жана курулуш агенттиги уруксат бергендиги аныкталды. Мындай маалыматты бүгүн, 12-июлда SUPER.KG порталына Кербен шаарынын мэри Нарматалы Эсеналиев билдирди.
"Кербен шаарынын Алдосов көчөсүнүн айрым жашоочулары антеннанын курулушуна нааразы болуп арыз менен кайрылышкан. Мэриянын адистери, райондук архитектура жана курулуш агенттигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн өкүлдөрү биргеликте абалды жеринен көрүп келишкен. Арыздануучу Хурсанай Эрматованын үйүнүн дубалдарынан жарака кеткен эмес. Буга чейин антенна куруларда ошол эле арыздангандар курууга макулбуз деп кол коюп беришкен экен. Эми кайра арызданып жатышат", - деп билдирди Эсеналиев.
Эске салсак, буга чейин Алдосов көчөсүнүн тургуну Эрматова антеннанын курулушунан үйүнүн дубалдары жарылып, радиациялык зыян тартып жатканын айткан.