Тиштерди 10 секундда тазалачу автоматтык тиш щётка чыгарыла баштайт

"Акылдуу" Amabrush тиш щёткасын каржылоо боюнча жаңы долбоор сунушталууда. Анын ойлоп табуучуларынын айтымында, ал тиштерди 10 секундга жетпеген убакытта тазалайт.

Ойлоп табуучулар щёткалары бар капаны (спорт жаракаттарынан тишти коргоочу аспап) сапка тагышкан. Ал тиштерге кийгизилгенде сабынан паста сыгылып, термелип, бир маалда бардык тиштерди тазалай баштайт.

Amabrush компаниясынын билдиргенине караганда, адам өмүрүндө тиш тазалоого 108 күнүн коротот.

"Эгер силер тишиңерди кадимки щётка менен сунушталгандай 120 секунд тазаласаңар, ар бир тишти тазалоого 1,25 секунд кетет, ал эми биздин щётка 10 секундда бардыгын тазалайт", - дешет компаниянын өкүлдөрү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Batma08
2017-07-12 18:42:34
Акчасы канча экен
+1
Krai
2017-07-12 19:46:56
76 сомдон сатып атат ош базарында
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан