Индиянын Гоа штатынын тургунун анын үй-бүлөсү 20 жыл бою жалгыздыкта кармашкан. Бул тууралуу NDTV телеканалы билдирген.
Телеканалдын маалыматына ылайык, тартип сакчылар аялды жарандык коомдун активисттеринин билдирүүсү боюнча камактан бошотушкан. Полиция кызматкерлеринин билдирүүсүндө, үй-бүлө мүчөлөрү аялдын мүнөзү өзгөрүп, адепсиз жүрүм-туруму үчүн камап коюшкан. Учурда ал 50 жашта экени белгилүү болду.
Ал эми үй-бүлө мүчөлөрүнүн айтымында, алардын тууганы 20 жыл мурун жаңы турмушка чыккан күйөөсүнүн башка аялы бар экенин билип, ата-энесинин үйүнө кайткан. Андан көп убак өтпөй кийим кийүүдөн баш тарткан.
Аял 20 жыл бою ага тамак берилчү терезеден гана дүйнө менен байланышын түзүп келген.