Бишкек шаарынын “Арча-Бешик” конушунда эки айдан бери суусуз жашап келген тургундар 2 күндүн ичинде суу менен камсыз болушарын Ленин районунун акиминин орун басары Аскат Карымбаев SUPER.KG порталына билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 12-июлда “Арча-Бешик” конушунун жашоочулары, суу маселесин чечип берүү талабы менен Бишкек шаардык мэриясынын алдына чогулушкан.
Бишкек шаарынын Ленин районунун акиминин орун басары Аскат Карымбаев маселе тууралуу иштеп жатканын жана аны 2 күндүн ичинде чечип, 15-июлга чейин суу агып каларын билдирди.
“Арча-Бешик конушунда 5-июндан баштап суунун басымдуулугу азайган, андан кийин аба ырайынын ысыганына байланыштуу конуштагы 4 квартал суусуз калган. Азыр Арча-Бешиктеги 24 кварталдын ичинен 80 пайызы суу менен толук камсыз болду. Нааразы болуп келген тургундар №278 жана №279-кварталдын жашоочулары. Бул кварталдарда 600 үй бар, алар жогоруда жайгашкандыктан суу басымы сууну жеткире албайт. Жана ошондой эле жергиликтүү тургундар суу түтүктөрүн ашар ыкмасы менен курган үчүн, алардын диаметри стандартка ылайык эмес. Андыктан суунун айлануусу толугу менен жүрбөй жатат. Садырбаев көчөсүндө жайгашкан унаа жуучу жайлардын, мончолордун түтүктөрү кесилип, ал маселе чечилмейин сууну берүү боюнча иш убактылуу токтогон. Биз бул жагдайды 15-июлга чейин чечип, тургундарга сууну толугу менен беребиз”,- деп айтат Аскат Карымбаев.
Эске салсак, 11-июль күнү “Арча-Бешик” конушунун жергиликтүү тургундары чогулуп, 2 ай бою суусуз жашап жатышканын айтып, бул жагдайды “фашисттик кыйноого" теңешкен.