Британиялык Суонси университетинин өкүлдөрү көптөн бери Антарктидада байкоо жүргүзүп келишкен. Алардын айтымында, материктен салмагы 1 триллион тонналык айсберг бөлүндү. AFP агенттиги билдиргендей, айсбергдин аянты 5 миң чарчы чакырымдай.
"Айсберг болжол менен дүйшөмбү менен шаршемби күндөрүнүн аралыгында бөлүндү", - дешет окумуштуулар.
Ал континенттин жээгиндеги Ларсен С музундагы жараканын чоңоюшунан улам бөлүнгөн. Анын жоондугу болжол менен 350 метрди түзөт. Окумуштуулардын пикиринде, бул айсберг Антарктиданын жээгиндеги муздарын бириктирип турчу. Мындан ары ал муздар да бөлүнүшү мүмкүн.
Ошондой эле Суонси университетинин өкүлдөрү айсберг глобалдык ысуудан бөлүнбөгөнүн, дүйнөлүк океандагы суунун деңгээли көтөрүлбөй турганын болжолдошууда. Бирок алардын оюнда, жээктеги муздар Антарктиданын ички айсбергдерин океанга чыгарбай турат. Эгер жээктеги муздар да бөлүнсө, дүйнөлүк океандагы суунун деңгээли 10 сантиметрге жогорулайт.