Колумбия университетинин адиси Нью-Йоркто 2 миллиондой келемиштер бар экендигин аныктаган. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, шаардагы бул жандыктарды жок кылууга жергиликтүү бийлик 32 миллион доллар бөлгөн. Шаар мэри Билл Де Блазио бул кемиргич жандыктарды 70 пайызга жок кылууну убадалаган.
"Биз келемиштерди Нью-Йорктун жашоосунун кадимки бир бөлүгү катары кабыл алуудан баш тартабыз", - деген мэр.
Ал шаардагы эски таштанды чакалардын баарын темир контейнерлерге алмаштыра тургандыгын айткан. Ошондой эле 16 миллион доллар келемиштер өтө көп жайгашкан райондордогу үйлөрдүн полдонгон жер төлөсүн бетонго алмаштырууга жумшаларын белгилеген. Таштандыларга келемиш-чычкандар кире албай тургандай аппараттар сатылып алынат. Мындан тышкары таштанды чыгаруунун жаңы эрежелери колдонулат. Тактап айтканда, жашоочулардан таштандыны белгиленген бир убакытта үйдөн алып чыгып төгүү эрежесин колдонуу талап кылынат.
Колумбия университетинин адиси шаарда 2 миллиондой келемиш бар дегени менен, жергиликтүү жашоочулар алардын саны 8 миллиондой экенин айтышып, дээрлик шаар калкынын саны менен тең келип калганын билдиришкен.