Орусиялык актриса Анна Снаткина 34 жашка толду. Ал 1983-жылы 13-июлда Москва шаарында төрөлгөн. Атасы аны 4 жашынан баштап алгач гимнастикага, кийинчерээк аэробикага берген. Ошентип Анна Снаткина балалыгынын 13 жылын спортко арнаган. Ал эми кино багытына өткөндөн кийин спорт анын жашоосунда жөн гана хобби катары кала берген.
Атактуу актриса болуу жөнүндө Анна Снаткина 2-классында Уитни Хьюстондун катышуусундагы "Жан сакчы" ("Телохранитель") тасмасын көргөндөн кийин эле кыялдана баштаган. 8-классты аяктагандан кийин кыялын чындыкка айландыруу максатында театр багытына кадам таштаган. Дене тарбия окуу жайына тапшырат деп ишенген ата-энеси кызынын бул жоругуна алгач таптакыр каршы болушкан. Анткени ошол учурда эле Анна мектеп окуучусу болгонуна карабастан кичинекей балдарга аэробикадан машыктыруучу болуп да эмгектенген. Театрга жана киного болгон кызыгуусу артып, алгач искусстводон курстарга катышып жүргөн болсо, кийинчерээк кинематография институтунан билим алган.
2003-жылы Нина Стасованын ролу менен “Участок” сериалына тартылган. Ушундай жол менен кинодогу тушоосу кесилип, 2005-жылы "Жылдыз болуу маңдайына жазылган" ("Обреченная стать звездой") телесериалында Женя Азарина болуп популярдуулуктун чокусун багындырган. Анна Снаткинаны көпчүлүк "Татьянин день" сериалынан кийин жакшы таанып калган.
2016-жылдын сентябрь айында актриса "Единая Россия" партиясынын атынан Мамлекеттик думанын 7-чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
2012-жылдын октябрында актёр жана шоумен Виктор Васильевге турмушка чыккан. Бир жылдан кийин түгөйлөр кыздуу болушкан.