Бразилиянын мурунку президенти Луис Инасио Лула Силва 9,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, экс-президент коррупция боюнча айыпталып, соттун чечими менен күнөөлүү деп табылган. Анын жактоочулары соттун чечимине карата апелляциялык арыз жазууда. Арыз каралып бүткөнчө президент Силва эркиндикте болот.
Силва 2018-жылы өтүүчү президенттик шайлоого аттануучу талапкерлердин бири. "Эгерде соттун чечими күчүндө калтырылса, ал шайлоого катыша албайт" деп айтылат маалыматта.