Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине айыл өкмөттөн жардам берилүүдө. Мындай маалыматты бүгүн, 13-июлда SUPER.KG порталына Жалпак-Таш айыл аймагынын башчысы Кутманбек Эралиев билдирди.
"Согуштун ардагери Жумабай Амировго жардам берип жатабыз. Анын үйү жер көчкү алдында калып, учурда балдарынын үйүндө жашайт. Буга чейин үй салууга 4 миң даана кыш, 1,5 тонна цемент Өкмөттүн эсебине түшкөн акчадан 100 миң сом берилген. Эки-үч күн аралыгында дагы 100 миң сом берилиши күтүлүүдө. Айыл өкмөт өз күчү менен ардагерге үй куруп бере албайт. Биздин бюджет тартыш, айыл өкмөт дотацияда отурат. Учурда Амиров Куршаб айылында балдарынын ижарага алган үйүндө баш калкалап жатыптыр. Тез арада үйүн бүтүрүүгө салым кошуп, жакынкы күндөрү айыл өкмөттүн казынасынан 20-30 миң сом жардам беребиз", - деп билдирди Эралиев.
Эске салсак, буга чейин окурман согуштун ардагерине өкмөттөн көӊүл бурулбай жатканын айткан.