Американын Техас штатындагы Пасадина шаарында жергиликтүү полиция департаментинин кызматкерлери жогорку ылдамдыкта бара жаткан автоунааны токтотушкан. Аны 11 жаштагы кыз башкарып баратканы белгилүү болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, айдоочу кыз анын рулга отуруусуна апасы уруксат бергенин айткан. Ал мурда да унаа айдап жүргөнүн, бирок бул ирет биринчи жолу жанында чоңдор жок, салонуна 10 жаштагы инисин салып айдаганын айткан. Автосүйүүчү кыз саатына 56 чакырымды басып өтүүгө уруксат берилген жолдон саатына 79 чакырым ылдамдыкта айдаган.
"Кыздын апасы Мария Дехесуска эки баласынын өмүрүнө коркунуч жараткан делип күнөө коюлган. Аталган окуя боюнча соттук отурум 17-июлда өтөт", - деп жазылат маалыматта.