Apple компаниясынын кезектеги смартфону сатыкка буга чейин айтылгандай, сентябрь айында чыкпай калышы мүмкүн. Бул тууралуу Fast Company басылмасы компаниядагы жеке булактарына шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Себеби iPhone 8'дин программалык камсыздоосу боюнча жаралган көйгөйлөр дагы да чечиле элек. Аталган смартфон башкалардан өзгөчөлөнүп электр кубатын зымсыз алмак, бирок бул технологияга жооптуу программалык камсыздоо акырына чейин иштелип бүтө элек. Эгер Apple'дын инженерлери бул катачылыктарды жойбосо, смартфон сатыкка күздүн алгачкы айында чыкпайт же зымсыз кубаттануу функциясы жок чыгарылат.
Ошондой эле iPhone 8'дин 3D сканерлөө функциясынын иштөөсүндө да көйгөйлөр жаралып жатканы жазылат маалыматта. Ал эми анын жайгашуусу боюнча маселе дагы да чечиле электиги маалымдалат. Айрым маалыматтар боюнча, сканер экранга же арткы бөлүгүнө жайгаштырылат.