Владимир Путин менен бир унаада чиркөөгө келген белгисиз адам кызуу талкууга алынууда

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Валаам чиркөөсүнө болгон сапарында аны менен чогуу келген белгисиз жүргүнчү окурмандар арасында кызуу талкуу жаратты. Бул туурасында аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Путин чиркөөнүн короосуна өзү айдап келген жол тандабастын арткы эшигин ачкан маалда кызыл кийимчен белгисиз жүргүнчү отуруптур. Ал андан бир нерсе сурап кайра бат эле эшикти жапты. Тилекке каршы, Путин менен чогуу унаада келген адамдын жүзү байкалган эмес. Бул көрүнүштү жергиликтүү телеканалдардын оператору тартып калган. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков белгисиз адамды коопсуздук кызматкери экендигин, Путин андан күрмөсүн сурап кайрылгандыгын айткан. Айта кетсек, Орусиянын өлкө башчысы 11-июлда Валаамга 2 күндүк жумуш сапары менен барган. Путинди Спасо-Преображенск чиркөөсүнөн Патриарх Кирилл тосуп алды", - деп жазылат маалыматта.

Путиндин унаасындагы белгисиз адам
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aerforce
2017-07-13 10:14:52
Артында Акаев олтуран
+7
beka123
2017-07-13 12:00:57
Келинчеги окшойт
+3
ilgizk
2017-07-13 12:26:38
Алина Кабаева окшойт
+4
talas0707
2017-07-13 12:27:52
неле бир бирин андып калганбы
0
talas0707
2017-07-13 12:28:26
аялы же ойношу не болуптур
+4
Zhoodarbek-myrza
2017-07-13 13:04:39
эркек адамдын колуна окшош экен
+1
Hadyja
2017-07-13 16:07:55
Артында чыныгы Путин озу отурат
+3
ali1995
2017-07-13 17:43:28
Сразу жааптырго
0
sna_kg
2017-07-13 18:27:44
Кимди машинасына салат кайда алып барат Владимир акам озу билетда
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан