WhatsApp жана Twitter колдонуучулардын маалымат алмашууларын коргоодо эң чабал деп табылды

АКШнын Electronic Frontier Foundation адам укуктарын коргоочу уюму колдонуучулардын маалыматтарын коргоодо эң чабал тармактар деп WhatsApp тиркемеси менен Twitter социалдык тармагын белгиледи. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Санариптик доордогу жарандардын маалымат алмашуулары тыкыр корголууга тийиш деп белгилеген уюм бийлик бутактарынын алдында колдонуучулар өз маалымат алмашууларын кайсы тиркеме жана социалдык тармактар аркылуу коргой алышары боюнча изилдөө жүргүзүшкөн. 2016-жылдын жыйынтыгы менен WhatsApp, Twitter жана Airbnb'ге абдан төмөн баа берилген. Жалпысынан 26 маалымат алмашуучу айдың үстүнөн бир нече критерийлердин негизинде изилдөөлөр жасалган. Анын ичине айкындуулук, компаниялардын мамлекеттик мекемелер менен иш алып баруусу, жеке маалыматтарды жана маалымат алмашууларды үчүнчү жакка маалымдоо, мамлекеттин жашыруун иликтөөлөрүнө туруштук берүүсү сыяктуу критерийлерди камтыган. Ар бир пунктта туура келген жана талаптарга жооп берген тиркемелер жана социалдык тармактарга 5ке чейинки баа берилген. Жогорку баа берилген компаниялар Adobe, маалыматтарды сактоо сервиси Dropbox, Америкадагы такси буйрутмаларын кабыл алуучу Lyft кызматы, сайттарды түзүүчү Wordpress жана Uber платформалары жогоруда саналган критерийлердин баарына төп келип, 5 деген баа алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан