Майкл Жексондун мурда жарыяланбаган ырларын камтыган жыйнак аукционго коюлду

Поп-музыканын падышасы Майкл Жексондун ичинде мурда элге жарыяланбаган 9 ыры жана 3 ремикси бар "Библия" аттуу ыр жыйнагы Нью-Йоркто аукционго коюлду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, дискте анын аталышы гана жазылган. Альбомду аукцион үйүнө аты-жөнүн жашырган ырчынын досу алып келген. Дисктин баштапкы баасы 50 миң долларды түзөрүн айтышкан. Ыр жыйнагын сатып алган адам анын тиражын көбөйтүп, башкаларга тарата албайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан