Өзгөндө май айындагы жер көчкүдөн кийин Жалпак-Таш айылындагы мрамор таш кенине барчу жол жабык бойдон турат

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында Сары-Таш мрамор таш кени иштебей калды. Мындай маалыматты бүгүн, 13-июлда SUPER.KG порталына Жалпак-Таш айыл аймагынын башчысы Кутманбек Эралиев билдирди.

"Жер көчкүдөн улам Сары-Таш таш кенине барчу 3 чакырым жол жабылып калган. Айланма жол аркылуу Транспорт жана жол министрлиги жол салган бирок ал жол менен таш жүктөгөн оор жүк ташуучу унаалар каттай албайт. Мындан улам сары мрамор ташы казылбай жергиликтүү бюджетке каражат түшпөй калды. Учурда аталган министрлик 20 чакырым аралыктагы жолду куруп жатат. Бүгүнкү күндө алгачкы этабында 3,5 чакырым жол курулууда", - деп билдирди Эралиев.

Маалыматка ылайык, сары мрамор ташынын кору көп жылга жетери айтылууда. Жалпак-Таш айылында 1525 кожолук эл жашайт.

Эске салсак, ушул жылдын май айында Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү акырындык менен жылып 61 турак жайды басып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан